2020-жылдын 6-8-ноябрь күндөрү Ош шаарында "Дүйнөлүк Ковид-19 кризиси учурундагы зордук-зомбулук пандемиясы. Тобокелчиликтер, алдын алуу жана чечүү жолдору" долбоорунун алкагында "ДИА" (Демилгелүү, Ишкер Аялдар) коомдук фонду бир катар тренингдерди өткөрөт.
Тренингтин негизги максаты - Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы зомбулуктун курмандыктарын колдоо боюнча натыйжалуу түзүмдөрдү жана тутумдарды узак мөөнөттүү ишке ашырууну камсыз кылуу.
Долбоор Латвиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан 2020-жылы кызматташтыкты өнүктүрүү бюджетинен каржыланып, Латвия Республикасындагы MARTA борбору жана Кыргыз Республикасындагы "ДИА" коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылууда.