Тажрыйба алмашуу

Тажрыйба алмашуу

2-3-июлда деңиз деңгээлинен 2300 метрден ашык бийиктикте «Раян»  эс алуу борборунда Кыргыз Республикасынын  ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн,  коомдук активисттердин,  ӨЖТ насаатчыларынын,  долбоорду ишке ашырган өнөктөш уюмдардын  жана  Өзбек Республикасынын Фергана облусундагы  жогорку окуу жайлардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышуусунда. жаштардын психологиялык саламаттыгы жана психосоциалдык жардам көрсөтүү боюнча тажрыйба алмашуу иш-чарасы болду

 

Иш-чаранын максаты жаштардын психикалык саламаттыгы  жана психосоциалдык колдоо боюнча өз ара жардам топторун башкаруу методологиясын  ишке ашыруу, андагы  ийгиликтер жана андан алынган сабактары тууралуу бөлүшүү болду.

 

Тажрыйба алмашуу турунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын катышуучулары жаштардын психикалык ден соолугуна жардам берүү топторунун чөйрөсүндөгү алдыңкы тажрыйбалары, алынган сабактары жана ийгиликтери менен бөлүшүштү.

 

Анда тынчтыкты орнотуу үчүн гендердик аспектилерди эске алуу менен жаштардын психикалык саламаттыгына жана психосоциалдык жактан колдоо көрсөтүү маселелерине көңүл бурулду. Психосоциалдык тоскоолдуктарды азайтуу, чыр-чатактарды жана зордук-зомбулукту үгүттөгөн  зыяндуу гендердик нормаларды өзгөртүү аркылуу жергиликтүү жана улуттук чечимдерди кабыл алууда жаштардын катышуусуна көмөктөшүү боюнча талкуу болду.

Ошондой эле катышуучулар үчүн арт-терапия жана карапа жасоо боюнча мастер-класс уюштурдук, алар практикалык ыкмалар менен таанышып, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрө алышты.

 

Эгер сизди кызыктырса, биз Кыргызстанда психологиялык саламаттык жана психосоциалдык колдоо боюнча жаштардын өз алдынча жардам тобун жүргүзүү боюнча тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз.