Бизнес идеялардын презентациясы

Бизнес идеялардын презентациясы

Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрь күнү “Татыктуу жашоо” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалагынын жашоочулары 19 үй-бүлөнүн бизнес идеяларынын презентациясы болду.

Иш-чарага долбоордун өнөктөштөрү, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы Раева Гүлзина жана Ош шаарынын «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын төрагасы Караев Эмиль Жаныбекович катышты. Жолугушууда коноктор үй-бүлөлөрдүн бизнес идеяларын угушту жана өздөрүнүн сунуш-пикирлери менен бөлүшүштү.

Жолугушуунун соңунда долбоорду иш жүзөгө ашыруучулар жана өнөктөштөр ар бир үй-бүлөгө алдыдагы киреше алып келүүчү ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, кызматташууга кызыкдар жана даяр экендиктерин билдиришти.

✅ «Бул долбоор эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында айтылган көз караштар сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашынчагылдырбайт» @ukinkyrgyzstan

#dia #InternationalAlert #LivingwithDignity #womenpowerment