"Арт терапия" ар жылда өткөрүлүүчү 16-күндүк кампаниянын алкагында

"Арт терапия" ар жылда өткөрүлүүчү 16-күндүк кампаниянын алкагында

“Татыктуу жашоо” долбоорунун алкагында Ош шаарынын “Сулайман Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары 19 үй-бүлөнүн мүчөлөрү, кайната, кайнэне, уулу жана келини 7-8 декабрь күндөрү уюштурулган арт-терапияга катышышты.

Арт терапия ар жылда өткөрүлүүчү 16-күндүк кампаниянын алкагында уюштурулуп, көркөм сүрөт аркылуу катышуучулардын ички чыр-чатактарын аныктоого жана чечүүгө, чөгүп калган сезимдерди билүүгө жана билдирүүгө, ички бүтүндүктү табууга багытталды.

Иш-чарага “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы Караев Эмил Жаныбекович катышып, башкармалыкта зордук-зомбулук маселеси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди жана долбоорго өз колдоосун билдирип, алдыдагы үй-бүлөлөрдүн киреше алып келүүчү ишмердүүлүгүнө ийгиликтер каалап кетти.

Жыйынтыгында катышуучулар сүрөт тартуу процесси аларга сонун маанай тартулаганын жана оң эмоцияларды бергендигин белгилешти. Жашырылган бардык сезимдерин билдирүүгө жана изилдөөгө жетишти: алар - сүйүү, жек көрүү, ачуулануу, көрө албастык, назиктик, кубаныч, кайгы, оору жана башкалар.

✅ «Бул долбоор эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында айтылган көз караштар сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашынчагылдырбайт» @ukinkyrgyzstan

#ТатыктууЖашоо #dia #InternationalAlert #LivingwithDignity #womenpowerment